КЫЛМЫШ

Кырчындай кезде кыйылган өмүр

Тагдырдын жазымышына айла жоктой. 2014-жылдын 7-март күнү, Кызыл-Кыя шаарындагы «Алтын балалык» балдар бакчасынын улук тарбиячысы, жогорку билимдүү, 1977-жылы туулган Динара Юсупова Асановна, кадимкисиндей эле эртең менен жумушуна кетип, түштөн кийин эмгек жамааты менен шаардагы «Максат» ресторанында аялдардын Эл аралык майрамын белгилешкен.
Кечке жуук үйүнө келип кийимин которуп, жай турмушта апасы, иниси менен чай ичип олтурган. Капилеттен уюлдук телефонго катары менен 2 ирет СМС келип, көп өтпөй бир кыска, кийин узун чакыруу келген. Экинчи ирет келген чакырууда Динара телефонун алып, кыска сүйлөшүп, колуна жеңил курткасын алып чыгып кетет.
Апасынын -кайда?-дегенине, -«азыр эле келем»- деген жообун берген…Келсе гана, келбей калды. Ал түбөлүк ошол бойдон кайра кайрылып келбесин билди бекен?
Апасы Авазгүл эне артынан бир аз кечүүгү менен чыгып, кызы түшкөн машинанын жүрүп кеткен гана үнүн угуп кала берген.

Авазгүл эне Сүрөт автордуку

Авазгүл эне
Сүрөт автордуку

Жашы бир топко барып калган кызын, эне көпкө күтүп олтурду. Жакында 37 чыкмак. Бир турмуш куруп, жыл айланбай кайра келип алган. Инисинин баласын багып алып, аны боор этти менен эзилип жакшы көрчү. Ошон үчүн мектептен чыгып, бала бакчага орношкон. Ал жакында эле жаркылдап күлүп: -Апа, жакында күйөө балалуу болосуз, тойго даярдана бериң. Марттын 15теринде эс алууга чыгам-деп кубанычын жашырбай апасы менен бөлүшкөн. Оюу ошого да кетти.
-Ким, кайсыл жерлик болот?- десе, -келгенде көрөсүз да-деп күлгөн.
…Түн ортолоп калганда Аваз эне түйшөлө берди. Мынчалык эч качан кечикчү эмес. Телефонуна кайра-кайра чыгып, анын өчүп калганына бушайман боло, балдарын чакырып өз алдынча издөөгө чыгышты. Бул учур 7-марттан 8-мартка караган түн болчу.
Эртеси да келген жок. 8-марттын таңында телефонуна бир жолу гудок кетип, ошол бойдон өчүп калган. Динараны тымызын издеп шаардык ооруканага, тууган-уруктардын үйүнө чейин издешти. Эч жерден көрдүм деген адам чыкпады.
9-март күнү эртең менен 2 милиция кызматкери келип, үйлөрдү кыдырып жүрүшүп, Аваз эненин да үйүнө баш багышкан. Аваз эне сыртка чыкканда, милициянын бири кошунасы Мирлан Тойчиевге сүрөт көрсөтүп: -тааныйсыңбы? –деп жатканын уккан эненин жүрөгү «дирт» дей түшүп, -келчи көрөйүн-деп сураган.

Динара Юсупова Сүрө автордуку

Динара Юсупова
Сүрө автордуку

Сүрөттөгү аялдын бети башы каңга боелуп, бир кароодо аны таануу мүмкүн эмес эле. –Тааныбайт экем-деп алып, кайра сурады, -келчи дагы бир көрөйүн.
Эне кызын тишинен тааныды.
Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Жигитали Матисаковго жолугуп, жогорудагы кылмыш иши туурасында сураганыбызда, ал бизге төмөнкүлөрдү баяндады.
-Жасалган кылмыш ишинин изин суутпай, кылмышка шектүү делген Кадамжай районунун Кара-Допу айылынын тургуну 1989-жылы туулган С. У. (тергөө амалдарына ылайык атын толук атоону туура көрбөдүк) кармалган.
Шектүү адамдын үйүнөн зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөн аялдын кол телефону жана башка далилдүү боюмдар табылып, күнөөсүн толук мойнуна алды. Бирок ата-энелери балабызды милиция кызматкерлери уруп-согуп мойнуна алдырган деп областтык Акыйкатчы Хайит Айкыновго кайрылышкан экен. Келип шектүү адам менен сүйлөшүп кетти.
Милиция кызматкерлери эч качан, шектүүнү зордук менен уруп-согуп мойнуна алдырбайт да. Шектүүнүн көрсөтмөлөрү, далилдүү буюмдар аркылуу гана мойнуна коет. Ишти тергеп жаткан тергөөчү Замир Баймурзаев учурда далилдүү фактылардын үстүндө гана иштеп жатат.
Бүгүн (17-март күнү) Д. Юсупованын ата-энелери бизге келишип, Акыйкатчы Хайит Айкынов кылмышкерди коргобой, кайгыда олтурган бизге барып келбейби?-дешип кайрылышты. Анткени аларга шектүү адамды акыйкатчы коргоп жатат деген сөз жетиптир. Бизден чыгып, Кадамжай райондук прокуратурага кетишти. Алардын негизги талабы, кылмышкерди мыйзам чегинде ачык сот кылып өткөрүүдө болууда. Себеби, кызы Динаранын өлүмү жөнүндө ар кандай ушак сөздөр чыгып эл арасында түрдүү божомолдор айтылып жатканы кейиткен.
Чындыгында Динара Юсупованан өлүмү өзгөчө зөөкүрдүк менен өлтүрүлгөнү аз келгенсип, тогуз жолдун тоомуна ташталганы өкүндүрөт. Башынын оң капталына 5 жолу, сол тарабына 5 жолу, бет алдына 1 жолу чабылып, баш мээси чачырап кеткен.
Мынчалык зөөкүрлүк менен өлтүрүлгүдөй, кандай жамандык жасады экен. Кеч кезиккен сүйүүбү же жаш өзгөчөлүкпү? Муну тергеп-тескеп жаткан Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери ачыктаар.
Ал эми тергөө жүрүп жатканда, Акыйкатчынын кылмышка шектүү делген С.Уга келип, тергөөгө өз оюн ачык билдирбей кеткени эмнени каңкуулап жатат. Динаранын ата-энелери эмнеден шектенишүүдө?
Бир аз сабырдуулук менен жыйынтынын күтөлү. Тергөө аяктасын, сот өз өкүмүн чыгарсын.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы